Кыргызстандагы ЖОЖдорго улуттук баалоону жүргүзүү келерки жылы да уюштурулат

Билим 0

Бишкек, 11.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандагы ЖОЖдорго улуттук баалоону жүргүзүү келерки жылы да уюштурулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева билдирди.

Анын айтымында, бул ирет ЖОЖдорго биринчи жолу улуттук баалоо өткөрүлдү. Рейтингде алардын эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берүүсүнө маани берилди.

“Рейтингдин жыйынтыгы азыркы бүтүрүүчүлөрдүн кайсы университеттерге барып окуусуна туура багыт берет деп ойлойм. Эмки жылы да бул рейтингди улантабыз. Комиссиянын ишине жардам берген депутаттарга, министрликтерге, ишкерлерге жана эксперттерге ыраазычылык билдиребиз”, - деди ал.

Бул рейтинг билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн баалоо максатын да көздөдү. Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Исираилова эми ЖОЖдор улуттук рейтингдин жыйынтыгына саресеп салып, алдыга койгон өнүгүү программаларын иштеп чыгат деген ойдо.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков рейтингди аныктоо боюнча сунушту бизнес коомчулугу колдогонун белгилейт. Жалпы жонунан сурамжылоого 507 ишкана катышкан.

“ЖОЖдордун рейтинги университеттерге жана жумуш берүүчүлөргө чоң жардам берет деп эсептейбиз. Окуу программалары жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берсе, анда ишкерлер инвестиция жана каржылоону ошол ЖОЖдорго багыттайт болушу керек. Сурамжылоого катышкан 507 ишкана бардык тармактар боюнча ар кыл суроолорго жооп беришкен. Алардын 49%ы чакан ишканалар, 39%ы орто жана 13%ы ири ишканалар болду. Бул жакшы башат. Ошондуктан мындай демилгелерди колдойбуз. Кийинки рейтингде 500 эмес 5 миң ишкана сурамжылоого катышат деп ишенебиз”, - деди Аскар Сыдыков.

EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова белгилегендей, улуттук баалоо Quacquarelli Symonds рейтингинин 6 негизги критерийи боюнча өткөрүлдү:

- академиялык репутациясы (ЖОЖдордун 30 %ы);
- иш берүүчүлөрдүн баалоосу (20%);
- билим берүүнүн сапаты (15%);
- цитирлөө индекси (20%);
- чет элдик окутуучулардын саны (10%);
- чет элдик студенттердин саны (5%).

"Бул баалоону ачык-айкын жана көз карандысыз жүргүзүүгө аракет кылдык. Бардык баалоолор rating.kg сайтына жайгаштырылды. 8 этапта өткөрүлгөн рейтингдин 20 фактор боюнча жыйынтыгы чыгарылды”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий