• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандан 80 абитуриент чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларына тапшырды

Билим 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Бүгүн КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга тапшырган курсанттардын аскердик ант берүү салтанаттуу иш-чарасы өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, анда 80ден ашуун курсант Коргоо министрлигинин жетекчилигинин, жакын туугандарынын жана досторунун катышуусунда Аскердик ант беришти.

Министрликтин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Канагат Уразбеков жана курсанттардын ата-энелери курсанттарга чын жүрөктөн куттуктоо жана жылуу сөздөрү менен кайрылып, аскердик илимди өздөштүрүүдө ийгиликтерди жана туруктуулукту каалап кетишти.

Курсанттар Азербайджан, Казакстан, Кытай, Россия, Түркия жана Өзбекстандын жогорку аскердик окуу жайларында билим алышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий