• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандан АКШга жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланды. Жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келмей болду.

“АКШ элчилиги Бишкектен АКШнын ири шаарларынын ичинен Нью-Йоркко же Чикагого түз авикаттамдарды ачуу демилгебизди колдошту. Кыргызстандын авикомпаниялары Европа биримдигинин “кара тизмесинде” болгондуктан, биз америкалык авиакомпанияларды бул каттам боюнча кызмат көрсөтүп берүүсүн айттык. Алар аэропорттун иши менен танышууга жыл аягына чейин келишет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий