• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жазгы көчөттөрдү отургузуу уланууда - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. “Бишкек жашылдандыруу чарба” муниципалдык мекемесинин кызматкерлери жазгы көчөттөрдү отургузуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада көчөттөрдүн 420 түрү отургузулган.

Атап айтканда, Тоголок Молдо жана М.Горький атындагы скверлерге 50дөн көчөт отургузулган. Айни көчөсүнүн Бакаевден Островский көчөсүнө чейинки тилкесин 50 эмен багы кооздоп, Жунусалиев көчөсүнүн Балтагуловдон Гагарин көчөсүнө чейинки тилкесине да 50 жаш көчөттөр отургузулган.

Ал эми Тыныстанов көчөсүнүнүн Ахунбаевден Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкесине 30 жаш эмен дарактарынын көчөттөрү көчүрүлгөн.

Ошондой эле Табышалиев, Жибек Жолу көчөлөрүнө жана “Жаңгак токоюуна” 200 жакын жаш бактар отургузулган.

Мэриядан кабарлашкандай, көчөттөрдү отургузуу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий