Кыргызстандан Японияга экспортту көбөйтүү аракети көрүлөт – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстандан Японияга ата мекендик продукциянын экспортун көбөйтүүгө аракеттер көрүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Аталган маселе экономика министринин орун басары Санжар Болотовдун Япониянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы - тышкы иштер боюнча улук вице-министри Цудзи Киёто менен жолугушуусунда каралды.

Санжар Болотов Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара сооданын оң темпин белгилеп, Кыргызстандагы органикалык продукциясынын Японияга экспортун көбөйтүүгө күч-аракетти жумшоону сунуштады.

Ал япон тарапты кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борбору менен тааныштырды.

Өз кезегинде Цудзи Киёто маалыматтык-байланыш технологияларынын жана IT компанияларынын өз ара ийгиликтүү аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда инвестицияларды коргоо жана колдоо боюнча келишим түзүүнүн келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо үчүн туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий