• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 29-октябрда саат 18:47де Ош облусунун Алай районунун аймагында, тагыраак айтканда Кара-Киндик айылынан түштүккө карай 7 чакырым, Сопу-Коргон айылынан түштүк-батышка карай 42 чакырым аралыкта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 30-октябрда түнкү саат 01:35те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл районунун аймагында, тагыраак айтканда Ананьево айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 57 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын күчү Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл, Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий