Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргызстандык альпинисттердин тобу бүгүн, 9-январда Африканын эң бийик чокусу Килиманджарого чыгышты. Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык тармактар аркылуу билдирди.
«Бүгүн Кыргызстандын желеги Африка континентинин эң бийик чокусу болгон Килиманджародо кайрадан желбиреп турат. Экспедициянын алты мүчөсү тең чокуга аман-эсен жетип, учурда ийгиликтүү түшүп жатышат. Жакындарыңыз үчүн кабатыр болбоңуз жана куттуктап кетсеңиз болот», - деп жазган ал.
Экспедицияга ар кайсы курактагы мырзалар катышып, эң улуусу 70 жаштан ашкан. Алардын көбү тоо чокусуна алгачкы ирет чыгууда.
Пикир
Оставить комментарий