• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек мэриясында Кытайдан 120 автобус алып келүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Кытайдан Бишкекке 120 автобус алып келүү маселесин талкуулашты.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөө чараларына байланыштуу борбордун мэри чек арадан өтүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий