• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев дүйнө чемпиону болду

Спорт 0


Бишкек, 03.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев юниорлор арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Бокс боюнча федерациясы билдирет.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өтүүдө.

Спортчу 52 кг чейинки салмакта катышып, өзбекстандык, германиялык, россиялык жана польшалык атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алган. Алтын медаль үчүн беттеште армениялык атаандашын утуп, жаштар арасында дүйнө чемпиону болду.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Белгилей кетсек, жаш боксчу Амантур Жумаев буга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчиликте (U-16) алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий