• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн дүйнө кубогунда 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 30.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турниринде 4 медаль жеңди. Анын бирөө күмүш, үчөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган кубок Россиянын Нижневартовск шаарында 25-29-мартка чейинки аралыкта өттү.

Байге ээлери:

  • Бекзат Эргешов (51 кг) — күмүш медаль;
  • Рысбек Бектенов (60 кг), Султан Асанкул уулу (75 кг) жана Ооматбек Элчоро уулу (92 кг) — коло медаль.

Курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий