• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл марафонунда 10 жаштагы өспүрүмгө өзгөчө белек берилди

Спорт 0

Чолпон-Ата, 14.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафондун жүрүшүндө 10 жаштагы Кубаныч Эшимбетов өзгөчө белекке ээ болду.

Ысык-Көл марафонунда Эл аралык марафон дирекциясынын директору Мелис Надырбеков Кубаныч Эшимбетовго телевизор тапшырды.

Эскерте кетсек, Кубаныч 2012-жылы аталган марафон алгачкы ирет өткөрүлүп жатканда жарык дүйнөгө келген. Спорттук иш-чара өтүп жаткандыктан жолдор ал учурда толук жабылган. Кубанычтын апасы Корумду айылынан Чолпон-Ата шаарындагы төрөт үйүнө жетпей жолдо көз жарган.

Жарышта 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сынады.

Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өтүүдө.

Марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий