Кыргызстандык боксчулар Таиландда Олимпиадага жолдомо берген мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Таиландда өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдешке катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат:

  • 51 кг - Анвар Ходжаев;
  • 57 кг - Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 63,5 кг - Асхат Култаев;
  • 71 кг - Нурадин Рустамбек уулу;
  • 80 кг - Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 92 кг - Эркин Адыл уулу;

— башкы машыктыруучу - Төлөгөн Данияр уулу;
— улук машыктыруучу - Улан Сагынбаев;
— машыктыруучу - Беганас Султанбаев.

Эскерте кетсек, бул Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнир. Беттештер Бангкок шаарында 23-май күнү башталат.

Пикир

Оставить комментарий