Кыргызстандык дагы бир суучул Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Елизавета Печерских Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу эркин стилде 50 м аралыкка сүзөт. Буга чейин сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов биринчилерден болуп Олимпиадага жолдомо алган эле.

Ошентип, Кыргызстандан Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулардын саны 16га жетти. Алар:

Сууда сүзүү:

  • Денис Петрашов;
  • Елизавета Печерских.

Дзюдо:

  • Эрлан Шеров;
  • Айбек Кубанычбек уулу.

Бокс:

  • Сейитбек Мунарбек уулу.

Грек-рим күрөшү:

  • Акжол Махмудов;
  • Жоламан Шаршенбеков;
  • Амантур Исмаилов;
  • Үзүр Жусупбеков;

Эркин күрөш:

  • Эрназар Акматалиев;
  • Бекзат Алмаз уулу;
  • Айаал Лазарев;

Кыз-келиндер күрөшү:

  • Айсулуу Тыныбекова;
  • Айпери Медет кызы;
  • Мээрим Жуманазарова.

Жеңил атлетика:

  • Сардана Трофимова.

Пикир

Оставить комментарий