Жогорку категориядагы хирург, россиялык хирургдар коомунун мүчөсү, эндоскопиялык хирург, Россиянын герниологдор клубунун мүчөсү жана эки баланын сүйүктүү атасы болгон Мелис Толтоев “Кабар” агентсттигине берген интервьюсунда медицинадагы ишмердүүлүгү тууралуу маек куруп берди. Белгилей кетсек, Кыргызстандык дарыгер Новосибирсктеги “Жылдын мыкты дарыгери” наамына көрсөтүлүүдө. Мелис Толтоев Новосибирск облусунун 70 жылдыгы атындагы Татар райондук ооруканасында башкы ординатор-хирург болуп 2012-жылдан бери эмгектенип келет. “Жылдын дарыгери” наамынын рейтингине башкы дарыгер жана бейтаптардын сунуштоосу менен көргөзүлүп жатат.
- Саламатсызбы? Мелис Мукашбекович. Өзүңүз туурасында кененирээк тааныштыра кетсеңиз?
- 1984-жылы Өзгөндө журналист менен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын. Ата-энемдин чечими менен У.Салиева атындагы жатак-лицейинде билим алдым. 2001-жылы окууну артыкчылык менен аяктап, андан кийин медицина факультетине тапшырдым. 2007-жылы “Дарылоо иши” адистиги боюнча кызыл диплом менен бүтүрдүм.
- Өзүңүздү медицинага толук арноо тууралуу качан чечтиңиз?
- Келечекке жол ачкан бул жолду 10-классымда химия сабагынан берген мугалим эже олимпиадага катышууну сунуш кылгандан кийин тандагам. Кийинчэрээк, биринчи жана байгелүү орундарды ээлеп баштадым, республикалык олимпиададан да орун алууга жетишкем. Акыркы окуу жылында адамдын анотомиясына олуттураак кызыга баштагам. Анын арты менен медицинага болгон кызыгуум артып баштады.
- Медик болуу кыялыңызды бардыгы колдоштубу?
- Башында экономист болууну пландап жатканбыз. Себеби атам ар дайым экономист же бухгальтер болгонумду каалачу. Акырында атама менин өз каалоомду айттым, атам каршы болбой колдоду. Жашоодо кандай максат койбоюн атам дайым колдоп ага шарт түзүп берчү,ошол үчүн атама өмүр бою ыраазымын. Ата-энем бардык бир туугандарыма билим алганга чоң түрткү беришти. Улуу агам - милиционер, андан кийинкиси - мамлекеттик кызматкер, эң кичүүсү - ишкер.
- Россияга эмне болуп барып калдыңыз?
- 2009-жылы Бишкекте ординатурада калганга сунуш кылышкан. Бирок, кафедра башчысынын кеңеши менен мамлекеттик программанын негизинде аспирантураны Россияга барып тапшырууну чечтим. Ошентип, экзамен берип, Казанга келдим.
- Жаңы чөйрөгө көнүү ар бир адам үчүн кыйын, сиз үчүн кандай болду?
- Алгачкы жылы үйүңдөн алыс жүрүү абдан эле оор болду. Казанга келип түшкөндө эле тегерегиңдин баары эле чоочун жерлер, тааныш эмес адамдар болсо кыйын болот экен. Аспирантурадагы окуум кыйын болгон жок, болгону Ата-Мекениңе болгон кусаң кыйнайт. Убакыттын өтүшү менен жана жакшы адамдардын курчоосунда жүрүп көнүп кеттим. Сүйүндүргөн нерсе мыкты жетекчиге туш болдум. Жетекчим катары профессор, хирург жана тажырыйбалуу устат Малков Игорь Сергеевич дайындалган.
- Медицинадагы жетишкендиктериңиз туурасында айтып берсеңиз?
- 2012-жылы заманбап хирургиядагы актуалдуу маселелердин бири болгон – жоон ичеги боюнча кандидаттык ишимди жактадым. Студент кезимде 40 тан ашык илимий иш жаздым. Алардын төртөө ЖАК рецензиялаган журналдарга чыккан жана ойлоп табылган пайдалуу моделдер үчүн 5 потент алгам. 2012-жылы Казанда өткөн VI Бүткүл россиялык илимий-практикалык жаш окумуштуулардын конференциясында I даражадагы дипломго татыктуу болгом.
- Татар райондук ооруканасында кантип иштеп калгансыз?
- 20012-жылы аспирантурамды коргогондон кийин, Казандагы кафедра алдында врач-хирург болуп калууга сунуш киргизишкен. Бирок, үйлөгөнүмө байланыштуу үй маселесин чечиш үчүн башка жумуш издөөгө туура келди. Бүткүл Россия боюнча чалып чыктым, аягында туура келгени Татарск болду. Ошондон бери ушул жакта иштеп келем. Кесиптештерим менен жакшы мамиледебиз, ынтымакта иштешип келебиз.
- Хирургдун бир күнү кандай өтөт?
- 07:30да кадимкидей эле жумушка келем, бейтаптарды текшерип, карап чыгам, андан соң операцияга барам. Түшкү тамактан кийин 2-3 саат текшерүү жүргүзүп, кайра операция жасайм. Негизги жумуштан тышкары да, көп учурда жумушта калууга туура келет.
- Тажрыйбаңызда кандай өзгөчө окуяларга туш болгонсуз, ошол туурасында айтып берсеңиз?
- Хирургдун тажрыйбалык ишинде көп эле эсте калаарлык окуялар болот. Бирок баарын тең эстеп кала албайт экенсиң. Ошондой болсо да жан-дүйнөңөн орун алып калган окуялар болот. Бир жолу Бишкекте иштеп жүргөн учурумда өтүшүп кеткен перитонит оорусу менен бейтап түшкөн.Абалы оор болгондуктан, анын жоон ичегисин толугу менен алып салууга туура келди. Андан башка анын патологиялык оорулары да бар болчу жана андан сырткары буту басчу эмес. Анын аман калышынан күмөн санагам, бирок, бактыга жараша аман калды. Ооруларды жеңип армрестлинг боюнча эки жолку чемпион болду.
Ар бир хирургдун ишмердүүлүгүндө көптөгөн ийгиликтүү аяктаган окуялар көп болот. Бирок эсиңде көбүнчө каргашалуу аяктаган окуялар калат. Өзгөчө колуңдан келген баардык нерсени жасасаң да, адамды куткаруу мүмкүн эмес болуп калган учур кейиштүү. Өлүм менен аяктаган бардык операциялар - бул узак убакытка чейин же өмүр бою катачылыктын белгиси болуп калат. Психологиялык жактан алып караганда, хирург болуп иштеген бул өтө оор иш. Кандай болсо да медицина жолун тандагандар аз эмес, анткени – бул адамдарга жардам берүүнүн жолу.
- Ак халатчандар кандай сапаттарга ээ болушу крек?
- Менин оюмча, дарыгердин негизги сапаты – бул эмгекчил болуу. Медицинада дайыма жаңыланып туруу шарт, себеби ал тынымсыз өзгөрүп турат. Сен өз алдынча өзүңдү калыптандырып жана жаңы тажырыйбаларга ээ болуп турууң абзел. Андан тышкары дарыгер так болуусу шарт. Бул сапатты өзүмдөн, жакындарымдан жана пландалган бейтаптарымдан да талап кылам.
Мындай айтылып калган бир сөз бар, дарыгер сөз менен дарылашы керек деген. Чынында, жакшы сөз бейтаптарга дары. Мен да ушул нерсени дайыма колдонгонго аракет жасайм. Эч кимди кагып силкпөөгө аракет жасап келем, бирок дарыгердин ишинде да ар кандай жагдайлар болуп калат.
- Кесиптик сырыңыз эмнеде?
- Көп сүйлөгөндү эмес, көп иштегенди жакшы көрөм.
- Келечекке болгон пландарыңыз?
- Докторлук ишимди коргоо, качандыр бир Бишкекке же Ошко көчүп келем деген ойдомун. Ошондой эле, Кыргызстандын медицинасынын өнүгүшүнө өз салымымды кошуу башкы максатым.
- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, кааларыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.
Белгилей кетсек, окурмандардын ою менен Россия боюнча медицина тармагындагы кызматкерлердин мыктыларын тандоого добуш берүү “Комсомольская правда” гезити тарабынан өткөрүлүүдө. Сиз дагы өз добушуңузду төмөнкү шилтеме аркылуу наамга көрсөтүлүп жаткан Мелис Толтоевге бере аласыз: https://www.nsk.kp.ru/daily/26664.5/3685626/
Пикир
Оставить комментарий