• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Азия чемпионатынын (U-23) жеңүүчүлөрү аталды.

Дене тарбия жана спорт депатарментинен билдиришишкендей, чемпионат Иорданиянын Амман шаарында өттү.

Билол Шарип уулу 65 кг салмак чен бирдигинде биринчи кармашында индиялык Рохит атту балбанга 5:8 эсебинде жеңилип калган. Кийинки беттешин өткөрүп, үчүнчү кармашында 12:0 ири эсебинде монголиялык Турбаяр Даваняманы утту. Жарым финалда коңшу казакстандык Бекзат Ермекбайды 10:0 эсебинде артта калтырды. Ал финалда кайрадан индиялык Рохит аттуу балбанга кес келип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде утуп жатып, “туше” ыкмасын колдонуп Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта биринчи беттешинде өзбекстандык Зафарбек Отахоновду 6:3 эсебинде артта калтырса, кийинки кармашында казакстандык Женгиз Каныбековду 6:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда монголиялык Батбаяр Бацухду 11:0 ири эсебинде жеңип финалга чыккан. Анда индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип 23-жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Буга чейин 70 кг салмакта 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек уулу 61 кг чейинки салмак чен бирдигинде, ал эми 70 кг салмак чен бирдигинде Канат Керимбековдор коло медалга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий