• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты (U-20): Асан Жанышов коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 87 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/16 финалдык беттешинде Армениялык балбанды 9:2 эсебинде жеңди. 1/8 финалдык беттешинде польшанын балбанын 10:0 эсебинде жеңди.

1/4 финалдык беттеште Грециялык балбанга жеңилип, коло медаль үчүн беттеште франциялык балбанды 12:4 эсебинде жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий