• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 18.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Испаниядагы 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Күрөштүн үч түрү боюнча өткөн мелдеш 17-23-октябрда Понтеведра шаарында болду.

Турнирдин жыйынтыгында эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш жана 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий