• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КРдин үч мушкери панкратион боюнча чемпионатта жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык үч мушкер Түштүк-Сахалинде заманбап панкратион боюнча өткөн чемпионатта жеңишке жетишкен. Бул тууралуу sakhalin.info сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, 14-апрелде Түштүк-Сахалиндин MFP-219 заманбап панкратион боюнча мелдеш өткөн. Анда өз күчтөрүн көрсөткөн эң күчтүү 18 спортчу катышкан.

Кыргызстандык Билсинбек Сыймык, Эрнис Келдибеков жана Музаффар Юнусовдор жеңишке жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий