• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык эки дзюдочу Азия чемпионатында медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Эмирхан Жолдошказиев менен Нурмухаммед Бакирдинов кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпионатында медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 15-22-июль күндөрү Бангкок шаарында өтүүдө.

Аталган чемпионатта Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эмирхан Жолдошказиев 90 кг жогорку салмакта алтын медаль, ал эми 73 кг салмак категорияда Нурмухаммед Бакирдинов коло медаль жеңди.

Спортчулар жеке машыктыруучулары Илгиз Каналбек уулу жана Бакыт Жусуповдун жетекчилиги алдында катышты.

Ошондой эле чемпионаттын алкагында Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын эстелик медалдар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий