Кыргызстандык эки спортчу дзюдо боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Нооруз майрамына карата жана Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бауржан Жаналиндин жаркын элесине арналган 23 жашка чейинки эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча эл аралык турнир өттү.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 31-марттан 3-апрелге чейин Талдыкорган шаарында болуп, Кыргызстандан 18 спортчу (13 эркек жана 5 кыз-келин) катышты.

Коло медалга төмөнкү спортчулар ээ болушту:

- Мырзайым Дүйшөнбекова (63 кг);
- Адинай Алмазбекова (78 к).

Пикир

Оставить комментарий