Кыргызстандык кикбоксчулар Португалиядагы Дүйнө чемпионатында үч коло утту

Спорт 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында үч коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Португалиянын Албуфейра шаарында 17-25-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышкан.

Фулл-контакт боюнча 91 кг чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 кг чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 кг чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий