Улуттук банк: Кыргызстанда экономикалык активдүүлүк өсүүдө

Экономика 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда экономикалык активдүүлүк негизинен кызмат көрсөтүү жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы жогорку активдүүлүктүн эсебинен өсүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын январь-октябрь айларында Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 4,5 пайызды ("Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда) 6,5 пайызды түзгөн. Ички керектөөнүн өсүшү керектөө кредиттерин берүүнүн кеңейиши жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен шартталган.

"Ошондой эле банкттардын аманаттык базасы дагы өсүүдө. 2023-жылдын 10 айында ал дээрлик 20%га өсүп, 405 млрд сомго жакынды түздү. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында банктардын кредит портфели да дээрлик 23%га өсүп, көлөмү 251 млрд сомго жакынды түздү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий