• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандык мектеп окуучулары Беларустагы элчиликте болушту

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жумаш Асаналиев атындагы орто мектептин окуучулары Кыргызстандын Беларустагы эчилигине экскурсия менен барды.

ТИМден билдиришкендей, кыргызстандык мектеп окуучулары Минскиде "Зубренок" улуттук балдар билим берүү жана ден соолук борборунда эс алуу үчүн жүрүшөт.

Жыл сайын Беларусь тарап бул максаттарга каражат бөлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларын “Зубренок” борборуна чакырып келет. Каражат Беларустун президентинин резервдик фондунан бөлүнөт.

Ак-Суу районундагы Жумаш Асаналиев атындагы орто мектептин 24 окуучусу бул программанын алкагында "Зубренок" борборунда медициналык кароодон, керектүү санаториялык-курорттук дарылануудан өтүп, ар кандай спорттук жана маданий иш-чараларга катышып келишти.

Кыргызстандын Беларустун элчиси Эрбол Султанбаев мектеп окуучуларына дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана кыргыз-белорус эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Эрбол Султанбаев мектеп окуучуларын кызыктырган суроолорго жооп берип, элчиликтин атынан белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий