Бишкек, 20.03.19. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Мелис Маматов “Сапсан-2300” боюнча эл аралык шахмат боюнча турнирде алтын утту. Бул тууралуу КР аталган федерациянын президенти Милан Турпанов билдирди.
Турнир 18-мартта Москвада өткөн. Анда Россия, Кыргызстан жана Эстониядан келген 22 шахматчы катышкан.
Мамтов 7 жолу катары менен жаңишке жетишип, биринчи орунга ээ болгон. Кыргызстандан барган дагы бир спортчу Тагир Таалайбеков төрт балл менен онунчу болгон.
Пикир
Оставить комментарий