Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасы дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Биринчилик Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 11-20-апрель күндөрү өтө.
Курама команданын тизмеси:
- Асхат Токмоков;
- Арууке Талантбекова;
- Каныкей кубанычбекова;
- Имандос Бектенов.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Мэри Юсупова жана башкы машыктыруучу Забида Ырсалиеванын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикир
Оставить комментарий