• 87.86
  • 93.94
  • 1

Bolat Turlykhanov Cup мелдеши: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгачкы атаандашы түркиялык Бурхан Акбудак болду. Күрөш башталганда Махмудов төрт упайга түркиялык балбанды көтөрүп чапты. Бирок Акбудак бир-экиден упай топтоп жатып Акжолго жетип алды. Жыйынтыгында эсеп 5:5 болгону менен, кыргыз балбанынын аракети үчүн жеңиш ага ооду.

Жарым финалда кыргыз балбаны грузиялык Торнике Дзамашвилини 4:1 эсебинде артта калтырып, финалга көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, турнирдин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (63 кг) жана Атабек Азисбеков (87 кг) коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий