Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Ринат Урматбек уулу Японияда өткөн тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ринат Урматбек уулу 70 кг салмакта млдешке катышып, 1-орунга ээ болду. Ал Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин окуучусу.
Белгилей кетсек, чемпионатка дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн спортчусу катышкан.
Пикир
Оставить комментарий