• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандык окуучу Казакстанда шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык Азиз Дегенбаев мектептер арасындагы дүйнөлүк командалык чемпионатта жеке таймашта алтын медалга ээ болду.

КР Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, турнир Актау шаарында (Казакстан) 2023-жылдын 3-августунан 7-августуна чейин 12 жана 18 жашка чейинки категориялар боюнча 53 өлкөдөн 300дөн ашык шахматчылардын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн команда – Дегенбаев Азиз, Курбанбаев Залкар, Пак Аарон, Аманбекова Розэль жана команданын капитаны Дамил Токтогонов катышты.

Азиз Дегенбаев жекече оюнда мүмкүн болгон 8упайдан 8 упай алып, биринчи тактада алтын медалга ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, 43 команданын ичинен 9-орунду ээлеп, эң күчтүү командалардын ондугуна кирди.

Пикир

Оставить комментарий