Кыргызстандык окуучулар Аль-Хорезми олимпиадасында үч медаль жеңип алышты

Билим 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Ташкент шаарында 26-31-майда өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында кыргызстандык 3 окуучу медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим ми нистрлигинен маалымдашкандай, алар №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев коло медаль жеңип алышты.

Олимпиадага Кыргызстандын командасында Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Атажан Чолпонкулов, Нуржамал Пазылбекова жана Даниил Елистратов, Ош шаарындагы эл аралык мектептин окуучусу Бектен Абдувалиев, П.К.Купуев атындагы академиянын окуучусу Айдар Шакиралиев катышты.

Команданын жетекчилери жана машыктыруучулары – Мамат Ишматов жана Тимур Мамбетов.

Бул жылы олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан жалпы 135 окуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий