• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Корея билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты

Билим 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кечээ, 11-мартта Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бактияр Орозов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата билим берүү жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу ой бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну түзүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий