• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандык окуучулар CABO-2024 биология олимпиадасында 10 медаль жеңишти

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында 10 медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль.

  • алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи.
  • күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол лицейи; Байзак Карыпжанов, "Манас-Ата"Талас лицейи; Умар Эргешов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи.
  • коло медаль – Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи; Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская Бишкек шаарындагы American-European мектебинен; Арсений Виноградов жана Элхан Акимов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен.

11-12-майда өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинде Кыргызстандан 27 окуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий