• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык окуучулар экономика боюнча II эл аралык олимпиадага катыша алат

Билим 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бишкекте экономика боюнча II эл аралык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Акыл таймашы Борбордук Азия университети тарабынан уюштуруп жатат.

Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алат.

Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт:

  • I тур онлайн форматта – 2024-жылдын 19-22-февралында өтөт (40 мүнөт – 25 тест суроосу);
  • II тур 2024-жылдын апрель айында Бишкек шаарында катышуучулардын жеке катышуусу менен өтөт;
  • финал – 2024-жылдын 1-4-сентябрында Грецияда өтөт.

Мугалим мектепти олимпиадага каттатуусу керек. Каттоо төмөнкү шилтеме боюнча 2024-жылдын 30-январына чейин ачык: https://lp.econfun.org/olympiad-in-kyrgyzstan

Пикир

Оставить комментарий