• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Алтымышев көчөсүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бишкектин Алтымышев көчөсүндө сугат лотокторун орнотуу иштери аяктоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Алтымышев көчөсүнүн Руставели көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Тыныбеков көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) бөлүгүндө Б-3-2 үлгүсүндөгү 653 погондук метр ирригациялык лотоктор орнотулуп жатат.

Белгилей кетсек, бул лотоктор секундасына 40-50 литрге чейин суу агызып, жашыл аянтты сугаруу үчүн керектүү көлөмдөгү сууну камсыздай алат.

Бишкек мэриясы жарандардан магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий