• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада медалдарды жеңип алышты

Билим 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-23-февралында өткөрүлгөн XVIII эл аралык Жаутыков IZhO-2022 олимпиадасында кыргызстандык окуучулар жана мугалимдер медалдарды жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, Курманбек баатыр лицейинин окуучусу Тенгиз Беккоёнов жана Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча алтын медаль утуп алышты.

Ал эми “Кут-Билим” окуу-тарбия комплексинин окуучулары Эржан Улукбеков, Асылбек Исмаилов жана М. Субакожоев атындагы лицейдин окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Талант Дыйканбаев информатика боюнча коло медалдарга ээ болушту.

Жайыл баатыр лицейинин окуучусу Талгат Бактыбеков математика боюнча коло медаль утуп алды.

IZhO-2022 менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында “Газпром-Кыргызстан” мектебинин информатика мугалими Медер Осмонов алтын медаль, математика мугалими Мамат Ишматов күмүш медаль жеңип алышты.

Пикир

Оставить комментарий