• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Улан Ниязбеков Казакстан ИИМинин ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИИМ делегациясына алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү, ыкчам башкаруу борборунун иштөө принциптери, нөөмөттүк бөлүктү геомаалыматтык система менен жабдуу, ошондой эле сырткы видеобайкоо камераларын орнотуу жана фото, видео байкоо боюнча долбоорлор тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле бир нече ондогон камералардан келген видео маалыматтарды, анын ичинде шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан алыскы жайларында мыйзам бузуулардын алдын алуу иш-аракеттеринин алгоритми көрсөтүлдү.

Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу болуп саналат.

Казакстандын Ички иштер органдарынын ыкчам башкаруу борборлорунун жана нөөмөттүк бөлүктөрүнүн иши күч жана каражаттарды максималдуу топтоо жана алардын аракеттерин координациялоо жолу менен криминогендик кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам жооп берүүгө негизделет.

Нөөмөттүк кезметтердин күч каражаттарын ыкчам башкаруу, кылмыштарга жана башка курч абалдарга ыкчам чара көрүү боюнча кызматтардын жана бөлүмдөрдүн аракеттерин координациялоо үчүн зарыл болгон ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну жана эсепке алууну автоматташтырылып, иштелип чыккан.

Министри Улан Ниязбеков борбордун иш деңгээлине баа берип, бул жарандарды коргоону камсыз кылуу жолундагы олуттуу кадам экендигин баса белгиледи. Коомдун коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн заманбап жолу экендигин белгилеп, Кыргызстандын Ички иштер органдары ушул сыяктуу инновациялык технологияларды күнү-түнү тынымсыз чогултуу жана өлкөнүн аймагындагы ыкчам абал жөнүндө маалыматтарды талдоо, ошондой эле жарандарды коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында колдонуп жаткандыгын билдирди.

Кыргызстандын ИИМ башчысы Ыкчам башкаруу борборлору коомдук тартипти күнү-түнү коргоого катышкан Ички иштер органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын координаторлору катары өз натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий