Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. 13-14-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасы өтүп, анда кыргызстандык окуучулар 6 медалга ээ болду.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиадага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 73 команда (бир командада 3 окуучу) катышты. Кыргызстандан 8 команда өлкөнүн намысын коргоду.
Белгиленгендей, олимпиаданын жыйынтыгында бир команда алтын медаль, үч команда күмүш медаль, эки команда коло медаль, эки команда сертификат менен сыйланды.
Алтын медалга Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек, Токмок жана Нарын шаарларындагы лицейлеринин окуучулары Байторо Майрамбеков, Алихан Айдарбеков, Абдулазиз Лебиев ээ болушту. Аларды олимпиадага Урайымов Кылычбек даярдаган.
Күмүш медалга ээ болгондор:
1.Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош жана Токмок шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Абдуллахан Абдирасулов, Али Арапов, Нурислам Карыпжанов.Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
2.Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков, Бусурманкулов Канимет. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
3. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжай районундагы жана Нарын шаарындагы лицейлеринин, ошондой эле Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Маалыматтык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин окуучулары Рамазан Мананов, Адилхан Кадыров, Жаникеев Саид. Даярдаган мугалимдери: Кылычбек Урайымов жана Бексултан Алмазбеков.
Коло медалга ээ болгондор:
1. Бишкектеги Газпром Кыргызстан мектебинин жана Якир атындагы 61-автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Адил Канатбеков, Андрей Филиппов, Ян Бобрус. Даярдаган мугалими – Осмонов Медербек.
2. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы лицейлеринин окуучулары Ислам Зымчыбеков, Байыш Миңбаев, Азамат Алишеров. Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
Сертификат менен сыйланган командалар :
1. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы лицейлеринин окуучулары Тенгиз Жамалов, Айпери Акжолтоева, Байел Саламатов . Даярдаган мугалими – Кылычбек Урайымов.
2. Кут Билим окуу-тарбия комплексинин окуучулары Исхак Тажибаев, Азим Маликов, Ахмад Алахунов. Даярдаган мугалими – Манас Саматов .
Пикир
Оставить комментарий