• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International Advanced Tournament in Informatics – John Atanasoff) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 18-20-апрелде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.

Күмүш медаль алгандар:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior);
2. Али Арапов, Ош "Сема" лицейинин 8-классынын окуучуcу ( Junior);
3. Абдуллахан Абдирасулов, Ош "Сема" лицейинин 8-классынын окуучуcу (Junior);
4. Рамазан Маннанов, Кадамжай "Семетей" лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).

Коло медаль алгандар:

5. Эмил Талыпов, Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior);
6. Санжар Садирбеков, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучуcу (Senior);
7. Нурислам Карыпжанов, "Манас Ата" Талас лицейиинин 9-классынын окуучуcу (Junior).

Команданын лидерлери жана машыктыруучулары - Кылычбек Урайымов, Медербек Осмонов, Артем Беляев, Мирбек Бакиров, Талант Арстанов, Зиядхон Атаходжаев, Бексултан Алмазбеков.

Пикир

Оставить комментарий