• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандык окуучулар Казакстанда так илимдер боюнча эл аралык олимпиадага катышууда

Билим 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында башталган математика, физика жана информатика боюнча ХХ юбилейлик эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыния сыяктуу 15 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу, 85 команда катышат.

Белгилей кетсек, олимпиада соңку үч жылдан бери онлайн форматта өтүп келген. Быйыл кадимки оффлайн форматында 2024-жылдын 8-январынан 13-январына чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий