• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абитуриент – 2023: ЖОЖдорго кабыл алуунун V айлампасы башталды

Билим 0

Бишкек 14.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абитуриенттерди каттоо 16-август күнү сааат 14:00до аяктайт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий