• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте “Жүрөгүмдү балдарга арнайм-2017” шаардык сынагынын I баскычы өттү

Билим 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бишкекте “Жүрөгүмдү балдарга арнайм-2017” шаардык сынагынын I баскычы өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын өтүүчү педагогдордун кесиптик чеберчилигин шаардык сынагы кечээ №38 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин базасында жана №51 мектепке чейинки билим берүү уюмунда башталды.

Иш-чаранын максаты – таланттуу жана чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо, колдоо жана сыйлоо, алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү, педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана мугалимдик кесиптин деңгээлин жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын окутуу жана тарбиялоо ишмердигин өбөлгөлөө болуп саналат.

Сынактын I баскычы төмөнкү номианацияларда өттү:

- «Жылдын мыкты мугалими»;
- «Мыкты жаш мугалим»;
- «Эң мыкты»;
- «Жылдын мыкты мектеби»;
- «Жылдын мыкты тарбиячысы»;
- «Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму».

Сынакка “Жүрөгүмдү балдарга арнайм-2017” райондук сынактарынын 27 катышуучусу, 2 мектепке чейинки билим берүү уюму катышты.

Пикир

Оставить комментарий