• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент А.Атамбаев «Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон «Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, ошондой эле анын 2018-жылы боло турган туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу токтом кылынат:

1. Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2 айлык мөөнөттө Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү кароо.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий