• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

14-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24...+29, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл облусунда +20...+25 жана Нарын облусунда +23...+28 градус болот.

Ал эми ишкек шаарында +25...+27, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 жана Ош шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий