• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте куруучулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Бишкек мэриясында Кыргызстандын куруучуларынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков шаардык муниципалитеттин курулуш тармагында иштеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанатта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэрдин биринчи орун басары Бишкек мэриясынын ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин ысымы жазылган сааттарын жана "Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси" төш белгилерин тапшырды.

Мирланбек Байгончоков куттуктоо сөзүндө аларга кесиптик тармагында ийгиликтерди, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

Шаар мэринин биринчи орун басары белгилегендей, куруучулардын талыкпаган эмгегинин аркасында борбор калаада жаңы жолдор, көпүрөлөр жана жаңы социалдык объектилер курулуп жатат. Ал өлкөнүн жана Бишкек шаарынын өнүгүшүнө куруучулардын кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланышты:
- Мамырбаев Мирлан Мамлютович-Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын экономикалык пландоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Каныбек уулу Азамат - "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жеке турак жай куруу бөлүмүнүн начальниги.

Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык каты менен сыйланышты:
- Эсенбеков Азамат Надырбек уулу-Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин документациялык жана кадрдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- Абилов Амантур Абилович-Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Амиров Тынчтыкбек Тайиржонович - "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Молдалиев Азиз Мурадилаалиевич - "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин жардамчысы;

Ошондой эле ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэринин энчилүү сааты менен сыйланды:
- Карыбаев Урмат - "Бишкекбашкыархитектура"муниципалдык ишканасынын начальниги;
- Атакеев Жоодарбек Акжолтоевич-Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу башкармалыгынын начальниги.

Ошондой эле "Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси" төш белгиси менен сыйланышты:
- Амантаев Жаныбек Суеркулович-Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Мамыткулова Венера Саадакбековна-Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын персонал, документтер жана укуктук мамилелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.

Пикир

Оставить комментарий