• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги диний окуу жайлар жана мечиттер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Бишкектеги бардык диний объектилер текшерилүүдө. Бул үчүн атайын шаардык казыят тарабынан комиссия түзүлгөн.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин имарат жана жер участогунун документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.

«Баарына маалым болгондой, өкмөттүн диний объектилерди текшерүү боюнча атайын токтому чыккан. Ошонун негизинде биз ордо калаадагы жалпы диний окуу жайларга, мечит, медреселерге эскертүү бергенбиз. Бүгүндөн баштап комиссиянын курамы менен бүт диний объектилерди текшерип келе жатабыз. Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө», – деди казынын орун басары Талантбек Темирбаев.

Эскерте кетсек, бул текшерүү иштери Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдун тапшырмасына ылайык ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий