Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Кыргызстандык Айваз Оморканов шайба менен ойнолчу Хоккей боюнча эл аралык федерациянын (IIHF) Азия жана Океания боюнча вице-президенти болду. Бул тууралуу РИА Новости жазат.
Оморканов ишемби күнү Санкт-Петербург шаарында өткөн IIHF конгрессинде Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.
Ал эми IIHF`нын президенти болуп Люк Тариф шайланды, ал уюмду 1994-жылдан бери жетектеп келген Рене Фазелдин ордуна келди.
Пикир
Оставить комментарий