• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кувейттик адис Кыргызстандын курамасына машыктыруучу болду

Спорт 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Кувейттик адис Абдулла Алмутаири Кыргызстандын жаштар курама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу футбол федерациясынан кабарлашты.

Буга чейин Алмутаири (U-13) жаштар курамасынын машыктыруучусу болгон. Маалымдалгандай, буга чейин (U-16) командасын жетектеген Рафик Амиров дагы топтун машыктыруучу штабына кирет.

Эскерте кетсек, (U-16) курама командасы Азия-2018 чемпионатынын тандоо туруна катышат. Чучукулак кармоонун жыйынтыгында Кыргызстан “D” тобунда Иран, Афганистан жана Бутан менен беттеше турганы белгилүү болгон.

Аталган тандоо туру 16-24-сентябрга чейин Иранда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий