• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Катуу жамгырдын кесепетинен Ысык-Атада “Челектөр” көлү ташыды

Кырсык 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда катуу жааган жаандын кесепетинен “Челектөр”көлү ташып кетти деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

“Алдын ала берилген маалыматка ылайык, болжолу менен саат 12:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам “Челектөр” көлү ташып, бир сарайды, дагы бир үйдүн жармын, 600 түп теректи каптап, 5-6 даана электр устундары авариялык абалга келген”,-деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, жеринде министр Кубатбек Боронов башында турган ӨКМдин ыкчам тобу иш алып барууда.

“Койташ-Тоолуу-Маевка-Курорт Ысык-Ата убактылуу жабылды. Патрулдук милиция кызматкерлери жана Ысык-Ата районунун жергиликтүүлөрү тартылган, кырдаал катуу көзөмөлдөнүүдө”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий