• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты.

Бекдөөлөт Расулбеков "В" тобунда ат салышып, "түртүп көтөрүүдө" – 165 кг, "жулкуп көтөрүүдө" – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.

Эске салсак, Парижде (Франция) өтө турчу Олимпиада-2024 оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу "Дүйнө Кубогу" аталышындагы лицензиялык турнир Таиланддын Пхукет шаарында өтүүдө. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрелде жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий