Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар оор атлетика боюнча Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Чоюн билек балбандардын күч сынашы 18-28-апрель күндөрү Кытайдын Нинбо шаарында болуп өтөт.
Ал мелдешке Кыргызстандын атынан Изат Артыков менен Бекдөөлөт Расулбеков катышат.
Пикир
Оставить комментарий