• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык спортчулар "Азиянын балдары" эл аралык спорттук оюндарына жөнөп кетти

Спорт 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Россияда өтө турган "Азиянын балдары" эл аралык спорттук оюндарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 27-июлдан 8-августка чейин Владивосток шаарында өтөт.

"Азия балдары" Vll эл аралык спорттук оюндарына Кыргызстандын атынан жалпы 70 спортчудан турган курама команда катышат. Анын ичинен 48 спортчу спорттун түрүнөн спорттун түрүнөн (самбо, көркөм гимнастика, баскетбол 3*3, кум үстүндө ойноло турчу волейбол, кичи-футбол, жаа атуу спорту, ок атуу спорту жана тхэквондо) күч сынашмакчы.

Эл аралык мелдешке курама команданы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев узатып, Кыргызстандын желегин тапшырды.

Шабданбаев эл аралык деңгээлде өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын атынан бара жаткан жаш спортчуларга ийгилик каалап, алар үчүн мындай оюндар маанилүү экендигин, ошондой эле, өлкөнүн желегин бийик желбиретип келүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, "Азия балдары" эл аралык спорттук оюндары 1996-жылдан тартып төрт жылда бир өтүп келет. Ага 16 жашка чейинки жаш курактагы спорчулар гана катыша алышат. 2021-жылы пандемиядан улам мелдеш жылдырылып, быйыл 12 мамлекеттен келген 1 355 спортчу катышары маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий